Апісанне на мове арыгіналаRU • Арыгінал
Линктер
Мазмунга өтүңүз
Навигацияга өтүңүз
Издөөгө салыңыз
Шилтеме көчүрүлдү
ЖАҢЫЛЫКТАР
КЫРГЫЗСТАН
КЫРГЫЗСТАН
САЯСАТ
ЭКОНОМИКА
МАДАНИЯТ
ДҮЙНӨ
ДҮЙНӨ
БОРБОР АЗИЯ
УКРАИНА
АТАЙЫН ИЛИКТӨӨ
ТВ ПРОГРАММАЛАР
БҮГҮН АЗАТТЫКТА
ЭКСПЕРТТЕР ТАЛДАЙТ
БИЗ ЖАНА ДҮЙНӨ
ДАНИСТЕ
ЭЖЕ-СИҢДИЛЕР
АЗАТТЫК+
ЫҢГАЙСЫЗ СУРООЛОР
ПОДКАСТ
ӨЗГӨЧӨ ПИКИР
Русский
ОНЛАЙН ШЕРИНЕ
ЭЕ/АРнун бардык сайттары
Издөө
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:40
ЖАҢЫЛЫКТАР
Ташиев баштаган сегиз кишинин иши боюнча сот 28-майда уланат
26-Май, 2026
Бөлүшүңүз
Пикирлерди көрүңүз
Кылмыш иши тергелип бүтүп сотко өткөн сегиз адам. Коллаж.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана “75чилердин каты” деген аталыш менен белгилүү кылмыш ишти Биринчи май райондук сотунда кароо 28-майда уланат. Бул тууралуу “Азаттыкка” бул кылмыш ишиндеги айыпталуучулардын бири Эмилбек Узакбаевдин адвокаты Акынбек Ногоев билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаардык соту 25-майда адвокаттардын аппеляциялык арызын карап, канааттандырган эмес. Анын алдында Биринчи май райондук сотундагы алдын ала угуу боюнча соттун токтомуна каршы жактоочулар шаардык сотко даттанган.
18-майда Биринчи май райондук сотунда бул ишке байланыштуу баштапкы соттук угуу болуп, ага Камчыбек Ташиев менен коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков катышкан эмес. Камчыбек Ташиев мыйзамдуу укугунан пайдаланып баштапкы соттук угууга келбесе, Бекболот Талгарбеков ден соолугуна байланыштуу катыша албай калганы айтылган.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) кылмыш ишин тергеп бүтүп, Башкы прокуратура айыптоо актысын бекиткенден кийин иш райондук сотко жөнөтүлгөн. ИИМ ишке “жашыруун” деген гриф койгондуктан сот отурумдары жабык өтөт.
Адвокат Акынбек Ногоевдин сөзүнө караганда, бул ишке байланыштуу Камчыбек Ташиевге, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулуна жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевге Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен кине коюлду. Мурдагы үч чиновник эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте.
Ал эми президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча катта аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековго, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевге, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевге, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевге жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылды. Алар камакта жатат.
9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.
Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, 75 кишинин кайрылуусуна тиешеси жок экенин билдирген.
Президент Садыр Жапаров соңку маегинде 75 адамдын кайрылуусуна Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө анан сот аныктап, баа берерин айткан. Мурдагы башкы чекист болсо күнөөсү жок экенин, соттон акталып чыгарын билдирген.
“75чилердин каты” Жогорку Кеңешке түшкөн учурда Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп турган.
ДАГЫ КАРАҢЫЗ
Орусия Украинага дрон-ракеталар менен сокку урду. Каза тапкандар бар
Кыргызстан суу боюнча жетиштүү кенемте албай жатканы эл аралык жыйында айтылды
Аба ырайы: жаан жаайт
Иранда интернет байланышын калыбына келтирүү чечими жарыяланды
Бөлүшүңүз
Пикирлерди көрүңүз
Follow us
Принтер
Куржундар
Жаңылыктар
Күндүн жаңылыгы
ОНЛАЙН ШЕРИНЕ
БИЗ ЖӨНҮНДӨ
Блоктолгон сайтты ачуу
Биз жөнүндө
Эрежелер
Азаттык - WhatsApp
Азаттыктын тиркемеси
Вакансиялар
"Азаттык" менен байланыш
"АЗАТТЫКТЫН" САНДЫГЫ
Тилим - дилим
Азаттык үналгысы © 2026 RFE/RL, Inc. Бардык укуктар корголгон.
SM